12:50, 9 май 2024 Бш

Судьялар кеңешинде 11 сот боюнча даттануулар каралып жатат

Жогорку Сот тарабынан Судьялар кеңешине 2022-жылдан ушул күнгө чейин жалпы 28 судьяга карата 19 сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Судьялар кеңешине келип түшкөн арыздарга байланыштуу 3 судья мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулган. 5 судьяга алдын ала эскертүү, 3 судьяга эскертүү берилген.

Ал эми 4 судья боюнча материалдар кайтарылып берилген, 2 судья боюнча баш тартылган. Калган 11 судья боюнча материалдар Судьялар кеңешинде учурда каралып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүйдүн Селекция айылында зомбулукка кабылган келиндин окуясынан улам сот бийлигине бир топ сын айтылган. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул боюнча чукул кеңешме өткөрүп, зомбулукка кабылган келиндин мурунку күйөөсүн пробацияга чыгарган соттун ишмердүүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

 

up