14:09, 9 май 2024 Бш

Сокулукта 22 жаштагы аял үч баласын саткан деп шектелүүдө

Чүйдүн Сокулук районунда үч баласын саткан деп шектелген 22 жаштагы аял кармалып, соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун тургуну мурунку аялы балдарын көрсөтпөй жатканын айтып милицияга арыз жазган. Арыздын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, 22 жаштагы аял 2021-2022-2023-жылдары төрөлгөн балдарын сатканы аныкталган.

Милициянын маалыматында, шектүү үч баласын ар башка кишилерге берген. Учурда алардын жашаган жери аныкталып, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды соодалоо») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Шектүү Сокулук райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Бала сатуу учурлары Кыргызстанда буга чейин дагы катталып келген. Бала багып алгысы келгендер баланы асырап алуу процедурасы жеңил эмес экенин, бул үчүн толгон-токой документ топтоп жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат.  

 

up