00:15, 10 май 2024 Жм

Караколдо төрт балалуу келиндин өлүмү иликтенип жатат

Каракол шаарында төрт балалуу келин асынып алганы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, окуя 18-сентябрда болгон.

"18-сентябрда облустук ооруканадан милицияга кабар келип түшкөн. Анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен асынган абалдагы келиндин сөөгү табылганы кабарланган. Факты электрондук журналга катталып, келиндин денесине сырттан карап чыкканда, күч колдонуу фактылары аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди милиция.

31 жаштагы маркумдун төрт кызы бар, эң кичүүсү 2 айлык.

Анын өз өмүрүнө кол салууга түрткөн жагдайларды иликтеп-тактоо иштери жүрүп жатат.

 

 

 

up