21:26, 9 май 2024 Бш

Бейшеналиев УКМК кармап, кийин кызматына кайткан башкы дарыгерди иштен алды

Коррупцияга айыпталып кармалган Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев өз ордуна кайра дайындалып, бирок үч күндөн кийин иштен алынды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, ал кармалгандан кийин иштен четтетилген, анан кылмыш иши жоктугу туурасында жалган документтерди алып келип кызматына кайра отуруп алган.

"Мен АКШда иш сапарда жүргөндө милдетимди убактылуу аткарып жаткан орун басарым Маанаевди кызматына кайтарыптыр. Келерим менен ал буйрукту жокко чыгарып, жумуштан алдым. Маанаев кылмыш иши жоктугу туурасында жалган документтерди көрсөткөнү аныкталды. Аны чакырып зекип, мен бул жерде министр болуп турганда ал иштебей турганын айттым", — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Улуттук госпиталдын башкы директору Токтобай Маанаев ушул жылдын мартында акча жеген коррупциялык система уюштурган деп УКМК тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган эле.

 

up