23:21, 9 май 2024 Бш

Бишкекте "Тез жардамдын" үч кызматкери сабалды

Бишкекте “Тез жардам” кызматында бейтап келиндин күйөөсүнүн ур-токмогунан үч дарыгер жабыркады. Бул тууралуу 18-сентябрда мекеменин өкүлү Егор Борисов билдирди:

“Үч кызматкерибиз жабыркады. Бирөө мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды. Экөө амбулатордук дарыланууда”.

Егоровдун айтымында, бейтап келинге жардам берип жаткан дарыгерге анын күйөөсү кол салып, достору менен чогулуп сабаган, дагы эки кызматкер жабыркаган. Дароо милиция чакырылып, арыз жазылган.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 17-сентябрда кечки саат сегизден өткөн маалда болгонун, милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барып, шектүүнү кармаганын билдирди.

29 жаштагы шектүү тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени, сотко чейинки териштирүү башталганы, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы маалымдалды.

“Тез жардам” кызматынын машинасы талкаланган, сүзүлгөн, кызматкерлери сабалган, түрдүү кырсыкка кабылган, айрымдары майып болуп калган учурлар буга чейин да катталып келген.

Булак: Azattyk

up