13:53, 9 май 2024 Бш

Ошто санитардык норма сакталбаган сулуулук салондору жана медициналык жай жабылды

Ошто косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Калаада калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүп жатат.

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош

Ошто косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жабылды

Ошто косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жабылды - Sputnik Кыргызстан

Калаада калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүп жатат - Sputnik Кыргызстан

Анын алкагында беш сулуулук жана косметологиялык салон, төрт тиш дарылоочу борбор жана беш медициналык дарылоо бөлмөсүнүн санитардык талаптарды сактабаганы аныкталып жабылган - Sputnik Кыргызстан

Анын алкагында беш сулуулук жана косметологиялык салон, төрт тиш дарылоочу борбор жана беш медициналык дарылоо бөлмөсүнүн санитардык талаптарды сактабаганы аныкталып жабылган. Мындан сырткары, бир катар жайларга тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилген.Рейдге Ош мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери менен адистери катышканы белгиленди.Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

 

up