12:04, 9 май 2024 Бш

Кемпир-Абад иши: Активист Махмудовдун абалы начарлап кеткендиги айтылууда

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Тимур Махмудовдун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун имаратына тез жардам кызматы чакырылды. Бул боюнча «Кылым шамы» укук коргоо борбору Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка карганда, Тимур Махмудов ден соолугу начарлап, сотко келүүдөн баш тарткан. Бирок аны кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу үчүн сот имаратына күч менен алып келишкенде абалы начарлап кеткен.

Жактоочусунун айтымында, Махмудов бир нече күндөн бери катуу ооруп жаткан.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен активист Тимур Махмудов 2-февралда «Кемпир-Абад иши» боюнча камакка алынган.

up