10:09, 9 май 2024 Бш

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашууларга чыга турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат

18-сентябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы катталып, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына 30 см калыңдыктагы кар жаады. Ошондой эле Долон ашуусуна кыламык кар жаап, күн бүркөк. Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорундагы бул ашууларда учурда каттам бар жана өлкөнүн башка жолдорунда да унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаай турганын билдирген. Ал эми күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаай турганы айтылган.

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

up