18:12, 9 май 2024 Бш

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзам долбоору парламент комитетинен өттү

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын айтты.

Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.

Долбоорду Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо даярдаган.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган.

Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Борбор Азияга айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарылдыгын, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Жогорку Соту былтыр совет мезгилинде репрессия курмандыгы болгон 200дөн ашуун кишини актаган. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан. Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн.  

 

up