12:54, 9 май 2024 Бш

Индия бийлиги өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүүнү пландап жатат

Индия бийлиги өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүүнү пландап жатат — Today.kg

Индия бийлиги мамлекеттин расмий аталышын «Бхарат» деп өзгөртүүнү пландап жатат.

Айта кетсек, ушул жылдын 9-10-сентябрында Нью-Дели шаарында өткөн «Чоң-20» саммитинин эки күндүк жыйынында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди алдына «Бхарат мамлекети» деген көрнөк коюп отурган. Ошол эле учурда Раштрапати Бхаван резиденциясында болгон кечки сый тамак учурунда өлкө башчысы Драупади Мурму өзүн расмий түрдө «Бхараттын президенти» деп жарыялаган.

Индия мамлекетинин Башмыйзамы «Индия — бул Бхарат» деп башталат. Бхарат — байыркы санскрит тилинде «жүк аркалоочу» деген маанини туюнтуп, мамлекетти түптөгөн падыша болгону айтылат. Анын окуясы хинди элинин байыркы эпосу «Махабхаратада» кеңири баяндалат.

Тарыхка кайрылсак, 1526-жылы Захреддин Бабур Индия, Пакистан, Бангладеш, Ооганстан мамлекеттерин басып алып, Улуу Могол империясын курганда аймактар жалпысынан Индустан аталып турган. Бул аталыш азыр да колдонулганы менен расмий макамга ээ эмес.

XIX кылымда Улуу Британия бул мамлекетке үстөмдүгүн толук орноткондон тарта «Инд дарыясын бойлой конгон эл» деген мааниде Индия аталышына өткөн. 1947-жылы мамлекет эгемендик алганы менен британдар койгон ат өзгөрүүсүз калган.

Индия парламентинин айрым депутаттары «Индия» аталышын «кулчулуктун белгиси» катары сыпатташып, Башмыйзамдан таптакыр алып салууну сунуштап келишет. Нарендра Моди жетектеген өкмөт мамлекеттин атын мындан ары «Бхарат» деп гана атоону демилгелеген мыйзам долбоорун бүгүн, 18-сентябрда парламентке кийириши мүмкүн экенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

up