01:02, 10 май 2024 Жм

Мамлекеттик архивдин материалдарды сактоочу жайы толуп калды

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын материалдарды сактоочу жайы толуп калды.

Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Мария Алыбаева парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

“Борбордук бир эле архив Бишкекте бар, имараты 1964-жылы салынган. Архив 120% чейин толду. ИИМ, УКМКдан алган кылмыш иштеринин саны 100 миңден ашты. Ошону кайда жайгаштырабыз? Себеби сактоочу жайлар жок”, - деди Алыбаева.

Архив кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, 500 миңден ашуун ар кандай материалдар сакталган. Анда архивге сакталууга тийиш болгон бардык баалуу материалдар, документ, сүрөт, видео, аудиолор бар. Архивде китепкана, окуу залы, маалыматтык фонд бар.  

up