16:47, 9 май 2024 Бш

NASA быйылкы жай тарыхтагы эң ысык мезгил болгонун айтты

NASA быйылкы жай тарыхтагы эң ысык мезгил болгонун айтты — Today.kg

2023-жылдын жайы Жер планетасындагы 1880-жылдан, тагыраагы, байкоо жүргүзүлүп келген убакыттан берки эң ысык мезгил болгонун NАSА билдирди. Аталган агенттик кооптуу сандарды Годдард атындагы космосту изилдөө институтунун маалыматына таянып берген.Бул жайда отчёт жүргүзгөн башка жылдарга салыштырмалуу Фаренгейт боюнча (Цельсия боюнча 0,23) 0,41 градуска ысык болгонун айтышты. 1951 жана 1980-жылдар арасындагы сандар боюнча F 2,1 градуска (1,2 С) жылуураак. Температура август айында эле орточо көрсөткүчкө караганда 1,2 градуска жогору болгон.

"Рекорддук температура — жөн гана сандар эмес, ал апааттуу кесепеттерге алып келет. АКШдагы жанды алсыраткан аптаптан тарта Канададагы токой өрттөрү, Европа менен Азиядагы суу ташкындары. Жаратылыштын кескин өзгөргөн мындай кубулуштары жер жүзүндө адам өмүрүнө кооптуулук келтирет", — деген NASA администратору Билл Нельсон.

Анын айтымына караганда, климаттын өзгөрүшү планета жана адамзаттын болочок муунуна кесепетин тийгизип, кооптуулук жаратат.

 

up