20:30, 9 май 2024 Бш

ЖМК: Рамзан Кадыровдун учагы Москвада экени кабарланды

Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыровго таандык учак сентябрдын башында үч жолу Москвага учкан. Учурда учак Москвада болушу мүмкүн экенин "Вёрстка" басылмасы аба каттамдарын көрсөткөн тиркемелердин бирине таянып жазды.

Тиркеменин маалыматында, RA-73417 номурлуу бизнес-жет Грозныйдан Москвага 15-сентябрда учуп, кайра бара элек. Массалык маалымат каражаттарында Чеченстандын башчысынын саламаттыгы начарлап, Москвадагы президенттин иш башкармалыгына караштуу Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жатканы жөнүндө кабарлар чыгууда. Басылма бул кабарларга байланыштуу Кадыровдун учагынын Москвага каттаганына көңүл бурган.

Өткөн жумада бир нече чеченстандык оппозициялык каналдар Рамзан Кадыров катуу ооруп жатканын жазган. Бирок, жекшембиде Кадыровдун Телеграм-каналында видео жарыяланып, анда Чеченстандын башчысын көрүүгө болот.

46 жаштагы Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыровдун ооруганы тууралуу кабарлар маал-маалы менен чыгууда. Кадыров өзү саламаттыгы жакшы экенин бир нече жолу билдирген.

Рамзан Кадыров Орусиянын Украинага согушун катуу колдогондордун бири. Согушка байланыштуу бир нече жолу Орусиянын Коргоо министрлигин сындаган. 

 

up