17:32, 9 май 2024 Бш

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, эки кыргыз жараны каза тапты

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, эки кыргыз жараны каза таап, бирөө ооруканага түшкөнү кабарланды. Азырынча алардын аты-жөнү ачык айтыла элек.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч болуп келишимдик негизде иштеп жүргөнү тууралуу маалымат айтылууда.

Түркиянын Мендерес аймагында өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги эки кыргыз жана бир түрк учкуч каза болду. Бул тууралуу 17-сентябрда Мендерес провинциясынын мэри Эркан Өзкан билдирди.

"Экипаждын үч мүчөсүнүн каза болгонун терең кайгыруу менен билдирем. Алардын үй-бүлөлөрүнө сабыр тилейм" - деди Өзкан.

Буга чейин жекшембиде Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы төрт кишинин үчөө кыргызстандык, бирөө түрк жараны экенин, кырсыкта бир кыргызстандык куткарылганын ырастаган.

"Тик учак май куйгандан кийин өрт чыккан аймакка бет алган жана саат 23.53кө карай аны менен байланыш үзүлгөн. Кийин бул жерде бир тик учак кырсыкка учураганы аныкталган. Губернаторубуздун координациясы менен полиция жана жандармериянын бардык топтору бул жерге тартылды. Жалпысынан экипажда төрт кызматкер бар болчу. Үчөө кыргызстандык, бирөө түркиялык. Кыргыз кызматкер куткарылды, учурда ооруканада, абалы жакшы" деп билдирген түрк аткаминер.

17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу да кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн аймакка жеткен кызматкер иштеп атканын Фейсбук баракчасына жазды.

Тик учак кулаганда набыт болгон түркиялык Мехмет Акиф Тутактын туугандары кырсык болгон жерге барганы кабарланды.

Азырынча каза болгон кыргызчтандык учкучтардын аты-жөнү белгисиз. Алар Измирде келишимдик негизде учкуч болуп жүргөндөр деген маалымат гана айтылды.

Түркиялык журналист Толга Өзбек "Тахталы" дамбасына кулаган Ми-8Т үлгүсүндөгү тик учак "Түрк авиациясы" бирикмесине таандык экенин, түнкү жарыктандыруу системасы менен жабдылганын жана экипаж атайын окуудан өткөнүн жазды.

Бул моделдеги тик учактардын учкучтары түнкүсүн өрт өчүрүү операцияларына чыгып жүргөнү айтылууда. Тик учактын астында жайгашкан күчтүү прожектор менен айрыкча дамбадан суу алып жатканда айлана-тегеректи көзөмөлдөөгө болот.

Каргашалуу окуя ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Измирге жакын Мендерес аймагында болгон. Токойдогу өрттү өчүрүүгө барган тик учак "Тахталы" дамбасына кулап түшкөн.

Айтылган аймактагы токойлордо өткөн аптада өрт чыккан. Өрттү өчүрүү иштерине 9 учак, 20 тик учак, 54 суу танкери, 20 суу жеткирүүчү унаа жана Измир аймактык токой чарба башкармалыгына караштуу 500 кызматкер тартылганы кабарланды.

Белгилей кетсек, соңку үч жылда Түркияда өрт өчүрүү операцияларында үч тик учак кырсыкка учураган. Анда экипаждын 13 мүчөсү каза болгон.

Ысыктан улам ушул тапта Түркияда токойлордо өрт көп чыгат.

Жайында утур-утур өрт чыгып, Анталия, Мугла, Чанаккале аймактарындагы миңдеген тургун эвакуацияланды.

Былтыр Түркияда тилсиз жоонун айынан 14 миң гектар токой аянты күлгө айланган. Сегиз адам өлүп, ондогон киши ооруканага түшкөн. Түрк бийлиги жана эксперттер табигый кырсыкты көп учурда климаттын өзгөрүшүнө байланыштырат.

up