12:50, 9 май 2024 Бш

НАТО «кансыз согуш» мезгилинен кийинки эң ири аскердик машыгуусун өткөртөт

НАТО 2024-жылы «кансыз согуш» мезгилинен кийинки эң ири аскердик машыгуусун өткөртөт. Бул тууралуу НАТОнун аскердик комитетинин жетекчиси, адмирал Роб Бауэр билдирди.

Анын айтымында, Түндүк Атлантика альянсы «кансыз согуш» мезгилинен кийинки эң ири аскердик машыгууга даярданууда. Ал бул тууралуу Ослодо өтүп жаткан НАТОнун башкы штаб жетекчилеринин конференциясында айтып өткөн.

Машыгуулар Steadfast Defender (Чыдамдуу коргоочу) деп аталып, анда 40 миңден ашык аскер катышат. Машыгуулар Германия, Польша жана Балтика өлкөлөрүнүн аймактарында өтөт.

11-сентябрда Financial Times (FT) басылмасы НАТО эң ири машыгуу өткөрүүгө даярданып жатканын, анын максаты НАТО өлкөлөрүн Орусиянын агрессиясынан коруу экенин жазып чыккан.

 

up