13:31, 9 май 2024 Бш

Орусияда «Вагнердин» башчысы Пригожинге кылмыш иши козголду

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости агенттиги жазды.

Пригожин аскердик төңкөрүш жасоого чакырык жасады деп айыпталууда.

Өз кезегинде Пригожин анын жүрүшү аскердик төңкөрүш эмес, акыйкат маршы экенин белгиледи.

Буга чейин ал Орусиянын аскерлери алардын лагерине кол салганын жарыялап, каза болгондор көп экенин айтып чыккан. Жакын арада жооп кайтарарын, Орусиянын коргоо министри Шойгунун ишмердүүлүгү токтотуларын белгилеген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин айткандары чындыкка дал келбей турганын, чагым болуп жатканын билдирди.

up